• 88.68
  • 95
  • 0.95

Каныбек Туманбаев: Баткендеги үйлөрдүн курулуш каражаттарын толук төлөп бергенбиз

Коом 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Чек ара чырынан улам талкаланган үйлөрдү калыбына келтирип жаткан компания 300дөй жумушчуга эмгек акысын төлөбөй жатканы тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарынын бири жазды. Анда жумушчулар аткарган иши үчүн 30 млн. сомду 7 айдан бери ала албай жаткандыктан, атайы Бишкекке келип, президенттин кабыл алуусун суранышууда.

Бул жагдайга байланыштуу "Кабар" агенттиги президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге кайрылды.

Ал Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча мамлекет тендерден уткан компанияга келишим боюнча каражаттын 90 пайызын төлөп бергендигин билдирди.

"Мамлекет Баткендеги үйлөрдү калыбына келтирүү боюнча тендерден уткан курулуш компаниясына акча каражаттарын толук берген. Азыр болгону каражаттын 10% гана бербей кармап турабыз. Себеби курулган үйлөрдү биз толук кабыл алып бүтө элекпиз. Курулуш сапаттарын текшерип бүткөндөн кийин, анан калган 10% которуп беребиз. Келишимде ушундай каралган. Ал эми курулуш компания жумушчуларына эмне үчүн эмгек акыларын бербей, маселе жаралып жаткандыгы бул ошол компаниянын ички жеке маселеси. Буга иш башкармалыктын эч кандай тиешеси жок", - деди Каныбек Туманбаев.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен, КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Пикир

Оставить комментарий