• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Кара-Балта мэриясынын алдындагы ишкананын кызматкери мамлекетке 1 млн сом зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Кара-Балта мэриясынын “Универсал” муниципалдык ишканасынын кызматкери мамлекетке 1 млн сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан Кара-Балта шаардык мэриясынын алдындагы “Универсал” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн алкагында 2021-жылдын январь айынан 2022-жылдын июнь айына чейинки аралыкта, материалдык жоопкер болгон кампа башчысы С.Ш. тарабынан ага ишенип берилген ири ѳлчѳмдѳгү мүлк (электр товарлары, темир арматура ж.б.) мыйзамсыз ыйгарылып алынып, мамлекетке 1 млн 60 миң 648 сомду түзгѳн материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча райондук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергѳѳнүн жыйынтыгы менен мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, Ш.С.К. карата кылмыш иши Жайыл райондук сотуна кароо үчүн жиберилди.

Учурда иш соттун кароосунда.

Пикир

Оставить комментарий