• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги ЖЕЭК жыйынын 230 жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрү чагылдырууда

ЕАЭБ 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынын чагылдыруу үчүн пресс-борбор уюштурулду.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кабарлагандай, иш-чараны чагылдырууга 150гө жакын чет элдик жана 80дей ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитацияланган.

"Пресс-борбордо журналисттердин иштөөсүнө бардык шарттар түзүлгөн", - деп кошумчалады Султанбаев.

Белгилей кетсек, Бишкекте бүгүн, 9-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышат. Күн тартибинде 17 маселе каралат.

Пикир

Оставить комментарий