• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Ала-Тоо" аянтында пакистандык жигитти карактап кетишкен. Шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында пакистандык жигитти карактап кетишкенин Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-мартта болжол менен саат 02:45те “102” кызматына "Ала-Тоо" аянтында каракчылык болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген. Анда 19 жаштагы Т.М. аттуу пакистандык жаран арыз менен кайрылган. Ошол эле даректен арыз ээсин белгисиз жарандар бычак, кайчыга окшош буюмдар менен коркутуп, эки “Айфон” үлгүсүндөгү телефонун жана 2 миң сомун алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 27 жаштагы А.Т., 25 жаштагы Р.у Т. жана 26 жаштагы Р.у Б. аттуу жарандарды кармап, тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Аталган факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-берененин (Каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий