• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Сууда кызмат адамдары айыл чарба багытындагы жер тилкесин жеке менчикке берип жиберген

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Кара-Сууда айыл чарба багытындагы жер тилкесин жеке менчикке берип жиберген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары ВЛКСМ участогунда жайгашкан айыл чарба багытындагы 0,42 га жер тилкесин У.А. аттуу жаранга токтомду жасалмалоо аркылуу жеке менчигине берип жиберишкендиги аныкталган.

Андан кийин жогорудагы мыйзамсыз аракеттер улантылып, 2022-жылдын сентябрында жер тилке 7 бирдикке бөлүнүп, жогоруда аталган жарандын атына бул жер участокторуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар даярдалып берилген.

Натыйжада, жогорудагы 0,42 га сугат айдоо айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлери мыйзамсыз жеке менчикке берилгендиктен улам мамлекетке 15 млн 458 миң сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” ММнын Кара-Суу филианын кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий