• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москва районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Москва районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 9-март күнү аймактык ооруканага аял киши дене жаракаттары менен жеткирилгендиги тууралуу маалымат Москва РИИБине келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо ыкчам тергөө тобу барган. Териштирүү учурунда жогорудагы аялдын өздүгү аныкталып, ал 1973-жылы туулган И.А. аттуу жаран экендиги такталып, ал милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда бейтааныш 20-25 жаш курактагы эркек бала күч колдонуп, баш тарабына бир нече жолу уруп, колундагы сумкасын тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1997-жылы туулган П.В. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий