• 88.68
  • 95
  • 0.95

Карагат, сарымсак упасы жана таш сувенирлер. Нарындын бренди боло турган продукциялар тандалууда

Аймак 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө облуста өндүрүлүп чыккан продукцияларды баалоо жана тандоо боюнча “Нарын Бренд” комитетинин кезектеги төртүнчү отуруму өтүп жатат.

Облустагы өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, “Нарын Бренд” сертификатын ыйгаруу үчүн бул жолу 8 өндүрүүчүнүн 13 продукциясы сунушталды.

Алар:

  • Таш сувенирлер;
  • Ат-Башы печенье;
  • Карагат экстракт;
  • Карагат упасы;
  • Бал, карагат жана чычырканак менен сары суусундук;
  • Сарымсак упасы;
  • Сафлор майы;
  • Дан куурай;
  • карагат;
  • чычырканак мармелады;
  • Дан куурай упасы.

Белгилей кетсек, буга чейин “Нарын бренд” комитетинин үч отуруму өтүп, Нарын облусунда өндүрүлүп чыккан 22 продукцияга “Нарын Бренд” сертификаттары ыйгарылган.

Бул продукциялар Япониянын JICA эл аралык уюмунун “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун колдоосу жана технологиясы менен өндүрүлүүдө. Ошондой эле долбоор тарабынан “Нарын Бренд” продукцияларын экспортко чыгарууга колдоо көрсөтүлүүдө.

“Нарын Бренд” продукцияларына баа берүү комитетинин отурумуна президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Япониянын JICA эл аралык кызматташуу агенттигинин “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун жетекчиси Харагучи Акихиса жана комитеттин мүчөлөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий