• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан Павлодардагы мунай заводу оңдолгонго чейин Россиядан күйүүчү май сатып алат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Казакстандын энергетика министринин орун басары Асет Магауов аймактардагы күйүүчү май тартыштыгына байланыштуу Россиядан 100 миң тоннага жакын дизель отунун сатып алуу зарылдыгы бар экенин билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймактарындагы күйүүчү май тартыштыгына жакында эле Атырау облусундагы мунайды кайра иштетүүчү завод ишин авариялык түрдө токтоткону жана коңшу өлкөлөрдөгү жогорку баалар себеп болууда.

"Өкмөт жыл башынан бери күйүүчү майдын бир литринин баасын 200 теңге деңгээлинде кармап турган. Россия менен айырма 100 теңгеге, Өзбекстан менен 70-80 теңгеге, Кыргызстан менен 61 теңгеге чейин жеткен. Мындан улам транзиттик жүк ташыган унаалардын баары Казакстанга киргенде жана чыгып баратканда күйүүчү май куюп алууга аракет кыла баштаган. Буга байланыштуу чек арага жакын аймактарда дизелге болгон суроо-талап кыйла жогорулап кетти. Суроо-талап май айында өткөн жылга салыштырмалуу 480 миң тоннага көбөйсө, августта 519 миң тоннага жетти. Мындай тарыхта болгон эмес", - деди министрдин орун басары.

Магауовдун айтымында, өлкөдө күйүүчү майдын 210 миң тонналык запасы бар. Бул болжол менен 11-12 күнгө жетет. Ал 1-октябрдан тартып Павлодардагы мунайды кайра иштетүүчү заводу да оңдоо иштерине байланыштуу ишин токтото турганын кошумчалады.

"Россиядан 100 миң тоннага жакын дизель отунун импорттоо керек. Бул боюнча Россиянын Энергетика министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, өткөн жумада Москвада жолугушуулар өткөн. Күйүүчү май жеткирүү боюнча макулдашууга жетиштик, алар бул боюнча өз заводдоруна сунуштарды беришти", - деди Магауов.

Пикир

Оставить комментарий