• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда акыркы суткада 3 миң 653 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 3 миң 653 кишиден табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 366, Алматы шаарында – 1 146, Шымкент шаарында – 19, Акмоло облусунда – 288, Актөбе облусунда - 66, Алматы облусунда - 195, Атырау облусунда - 32, Чыгыш-Казакстан облусунда – 109, Жамбыл облусунда – 61, Батыш-Казакстан облусунда – 110, Караганда облусунда – 295, Костанай облусунда - 298, Кызылорда облусунда – 20, Мангистау облусунда – 15, Павлодар облусунда - 345, Түндүк-Казакстан облусунда – 274, Түркстан облусунда – 14 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 274 миң 607 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий