• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары камакка алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Осипов кармалып, камакка алынды. Сот анын бөгөт чарасын 23-февралда карап, чечим кабыл алганын аталган комитет кабарлады. Осиповго кандай айып тагылып жатканы белгисиз.

Осиповдон мурда Улуттук коопсуздук комитетин башчысынын дагы эки орун басары – Ануар Садыкулов менен Даулет Ергожин да камакка алынган. Атайын кызматтын мурдагы орун басары Карим Масимов да тергөө абагында. Алар январдын башындагы тополоңдон кийин эле кызматтан алынган.

Казак бийлиги жогорку кызматтагы аткаминерлерди бийликти күч менен басып алууга аракет кылган, мамлекеттик чыккынчылык жана ыйгарым укуктарынан аша чапкан деген айыптоодо. Иш жашыруун иликтенүүдө.

Бул арада Масимовдун дагы бир орун басары, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин агасынын иниси Самат Абиш да кызматтан алынган. Бирок ага эч кандай айып тагылган эмес.

Осипов 1986-жылдан бери атайын кызматта иштеп келе жаткан жана төраганын орун басарлыгына 2016-жылы январда дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий