• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кеминде Калкты тейлөө борборун курууда мамлекетке 4,6 млн сом зыян келтирилген

Коом 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Кемин районунун Калкты тейлөө борборунун имаратын курууда мамлекетке 4 млн 675 миң сомдук өзгөчө ири өлчөмүндөгү чыгым келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызмтынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айрым мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү максатында баштапкы сметада аныкталган 27 млн 988 миң 503 сомдон тышкаркы кошумча акча каражат керектелүүдө деген негизде "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамынын талаптарын одоно түрдө бузушуп, милдеттүү түрдө жүргүзүлчү мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу сатып алууларды алып барбастан, куруучу "М.С." ЖЧКсынын банктык эсебине кошумча келишим түзбөстөн 4 млн 500 миң сом акча каражатын түз которуп жиберишкен.

Ошондой эле Калкты тейлөө борборунун имаратынын курулушуна 2021-жыл ичинде жасалган айрым жумуштарын гана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан текшерүүдө, аткарылган жумуштардын актысында көрсөтүлгөндөрдүн айрым позициялары боюнча баалары жогорулатылып кабыл алынып, актыда белгиленген курулуш материалдары пайдаланылбагандыгы аныкталган.

Натыйжада мамлекеттик бюджетке 4 млн 675 миң сомдук өзгөчө ири өлчөмүндөгү чыгым алынып келинген.

Кемин райондук прокуратурасы тарабынан аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий