• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Хамза Ерликая: Кийинки ДКО Түркияда өтө тургандыгына кубанып жана толкунданып турабыз

ДКО 2018 0

Бактуу-Долоноту, 08.09.18. /Кабар/. Түркия Республикасынын маданият жана спорт министринин орун басары Хамза Ерликая Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевден Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тотеми – мөңгү суусу куюлган көөкөрдү кабыл алды.

Аталган жөрөлгө Көчмөндөрдүн кийинки оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө өткөрүп берүүнү туюндурат. Эстафетаны кабыл алуу аяктаган соң, ардактуу конок көрүүчүлөргө жана конокторго жалпы түрк элинин жана президент Режеп Тайип Эрдогандын атынан жылуу салам жолдоду.

Оюндардын уюштуруу комитетине ыраазычылык билдирип, өткөрүлгөн мелдештер миңдеген элдерди бириктиргенин айтты.

“Бул жерде өткөн мелдештер жөн гана спорттук иш-чара эмес, анын мааниси абдан терең. Алар биздин ата-бабалардын мурасын чагылдырып, бир тууган элдердин байланышынын бекемделишине чоң салымын кошот. Көчмөндөрдүн кийинки оюндары Түркияда өтө тургандыгына биз абдан кубанып жана толкунданып турабыз. Биз көчмөн маданиятын сактоо жана жайылтуу мүмкүнчүлүгүн алгандыгыбыз үчүн сыймыктанабыз жана бул үчүн Кыргызстанга терең ыраазычылык билдиребиз”, - деди Ерликая.

Эске сала кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт. Аталган чечим 2018-жылдын 1-сентябрында эки өлкө президенттеринин жолугушуусунда кабыл алынган. Алар бул чечим тууралуу Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын биринчи күнү эки жактуу сүйлөшүүлөр аяктаган соң "Ала-Арча" резиденциясында биргелешкен билдирүүдө маалымдашкан. Түркиянын президенди жубайы менен биргеликте 2-сентябрда өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышкан.

Пикир

Оставить комментарий