• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Хово" жана "Фольксваген" унаалары күйгөн. Сутка ичинде катталган өрт кырсыктары

Кырсык 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 23 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 24 өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын Интернациональная менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде "Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын кабинасы күйгөн.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Горький көчөсүндө "Фольксваген" автоунаасы толугу менен күйгөн. Ал эми Сокулук районунун Ак-Шоола көчөсүндөгү үйдүн 20 чарчы метр от жагуучу бөлмөнүн жыгач устунду темир жабылган чатыры жана 2,5 тонна көмүр күйгөн.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Фере көчөсүндө аянты 18 чарчы метр бөлмөнүн пластик дубалы, 2 даана компьютер, 2 даана стол, 2 даана стул, 2 даана принтер, шкаф күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий