• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Сокулуктагы жол кырсыгынан бир аял каза болуп, бешөө жабыркады. Арасында бир жашка толо элек ымыркай бар

Кырсык 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Фрунзе айылында Toyota Avensis унаасы менен КамАЗ унаасы кагышкан. Кырсыктан бир аял каза болуп, беш адам жабыркаган, арасында бир жашка толо элек ымыркай бар. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышкан. Тез жардам кызматынын кызматкерлери жабыркаган жана каза болгон адамдарды Сокулук райондук ооруканага жеткиришкен. Жерине 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий