• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Өлкө боюнча сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Буга чейинки жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык бере элек.

15-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 22 куткаруучу тартылды.

Бүгүн, 16-сентябрда издөө иштери улантылат.

Мындан тышкары, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жаштагы бала чөгүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери натыйжа берген эмес.

15-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМден 6 куткаруучу тартылды.

16-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий