• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өкмөт 100 миң сомго чейин берилген насыялардын пайыздык ченин төлөдү

Өкмөт 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын финансы-кредит мекемелеринен насыя алган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын декабрь айында кабыл алынган токтомунун алкагында, 385 870 насыя алуучуга 100 миң сомго чейин берилген насыялар боюнча пайыздык төлөмдөрдү төлөө үчүн 286 383,2 миң сом субсидияланды.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, 2021-жылдын январь айында 344 826 насыя алуучуга төлөө үчүн субсидиянын көлөмү 240 423,6 миң сомду түздү.

Эске салсак, мындай чечим COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан келип чыккан эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалдан улам, Кыргыз Республикасынын финансы-кредит мекемелеринен насыя алган жана социалдык-экономикалык оор абалда калган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган. Насыя алуучулардын аярлуу катмарына 100 миң сомго чейин берилген насыялар боюнча үч ай ичинде (2020-жылдын декабры жана 2021-жылдын январь-февраль айлары) пайыздык төлөмдөрдү төлөө түрүндө жардам көрсөтүлөт.

Үстүбүздөгү жылдын февралы айы үчүн насыялар боюнча пайыздарды субсидиялоо үстүбүздөгү жылдын март айында жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий