• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Жакында чек арадагы чырдан талкаланган Максат айылындагы үйлөрдү калыбына келтирүү иштери аяктайт

Аймак 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жабыркаган Лейлек районунун Максат айылын кыдырууда. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр иш сапардын алкагында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен талкаланган турак үйлөрдүн ордун калыбына келтирүү иштери башталгандыгын жана ушул жайдын аягына чейин иш-чаралар аягына чыгып, колдонууга берилерин айтып өттү.

Эскерте кетсек, ӨКМ тарабынан тажик тараптан куралдуу кол салуудан жабыркаган 136 турак жайдын ордулары тазаланып, 32 көчмө үй жана 61 чатыр тигилди.

Жабыр тарткан элге 1 миң 716 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий