• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КМШ өлкөлөрүнүн саммити: Бишкекте электр самокаттарын ижарага алуу чектелет

Коом 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүп жаткан учурда электр самокаттарды ижарага алууга убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, электр самокаттарды тебүүгө чектөө 12-октябрда таң эртеден түнкү саат 00:00гө чейин делегациялар жүрүүчү жолдордо киргизилмекчи.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө муниципалдык паркинг, унаа токтотуучу жай жана базарлар менен эки компания келишимдик мамиледе: «Промо Экспресс» ЖЧК (SunRent), «Абрикос» ЖЧКсы (e-motion).

Бишкек шаарынан жогоруда аталган эки ишканага электрсамокаттарын токтотуу үчүн 40 жай бөлүнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий