• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кочкор районунда Айсулуу Тыныбекова атындагы спорт борбору ачылат

Аймак 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова атындагы спорт борбору ачылат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов кичи мекенине барган спортчу менен болгон жолугушууда билдирген.

Облус жетекчиси учурда борборду ачуу аракеттери жүрүп жаткандыгын айтып, долбоор президент жана министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан колдоого алынгандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий