• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик ипотека: 2016-жылдан бери 8,8 миң үй-бүлө үйлүү болду

Коом 0


Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Мамлекеттик ипотека берилип баштагандан бери 8 миң 800 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Ал азыркы тапта ипотекалык негизде үй алуу үчүн расмий түрдө кезекте турган жарандардын саны республика боюнча 15 миңди түзөрүн айтат. Ал эми электрондук өтүнмө кетирип, арызы каралып жаткандар 3 жарым миңге чамалайт.

“Элетрондук өтүнмө жөнөткөндөрдүн саны ай сайын өсөт. Бир айда кеминде 1000 же 1500дүн тегерегинде жарандардан өтүнмө келип түшөт. Бул азыркы тапта ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүнөн улам болууда”- дейт бөлүм башчы.

Мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик ипотеканы жылдык үстөгү 4%, ал эми жеке сектордо иштегендер 8% менен 25 жылга чейин ала алат.

Пикир

Оставить комментарий