• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кочкордо жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Кочкордо жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылынын Кочкор-Ата тилкесинде HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кеспетинен 1981-жылы туулган Ү.Б. жана 2005-жылы туулган Б.Ж. аттуу эки эркек киши жабыркаган. Жерине 3 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий