• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кол менен эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча парламентке 6 партия өтүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. 30-ноябрда саат 11:40ка карата бирдиктүү шайлоо округу боюнча 2494 шайлоо комиссиясынын ичинен 505 УШКнын маалыматтары же 20,25% кол менен эсептелип чыкты.

Бирдиктүү шайлоо окуругу боюнча шайлоого 21 саясий партиядан 1006 талапкер катышкан.

Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын добушу төмөндөгүдөй бөлүнөт:

«Ата-Мекен» – 2.75%
«Бутун Кыргызстан» – 4.04%
«Альянс» – 6.15%
«Легалайз» – 0.37%
«Ыйман Нуру» – 7.28%
«Күчтүү регион» – 0.57%
«Багыт» Кыргызстана либералдык-демократиялык партиясы – 1.44%
«Ынтымак» – 13.42%
«Ишеним» – 11.26%
«Азаттык» – 4.20%
«Мекенчил Эл» – 1.95%
«Кыргызстан жашылдар партиясы» – 0.47%
«Жашасын Кыргызстан» – 0.46%
«Социал-демократтар» – 2.43%
«Партия народного достояния - Аруузат» – 0.48%
«Патриотическая партия Единения Кыргызстана» – 1.06%
«Улуттар Биримдиги» – 1.47%
«Эл Умуту» – 6.91%
«Ордо» – 0.49%
«Улуу-Журт» - 0.72%
«Ата-Журт Кыргызстан» – 12.94%
Барына каршы – 2.15%

Ошондой эле 2494 автоматтык эсептөө урнасынын ичинен 2434 АСУнун маалыматы келип түшкөн, бул 97,59%ды түзөт.

АСУнун алдын ала маалыматы боюнча парламентке төмөнкү партиялар өтүүдө – «Бүтүн Кыргызстан», «Альянс», «Ыйман Нуру», «Ынтымак», «Ишеним» жана «Ата-Журт Кыргызстан».

Пикир

Оставить комментарий