• 88.68
  • 95
  • 0.95

Комиссия: Пандемия күчөп турганда медиктер беткапты кымбат баада сатып алууга мажбур болушкан

COVID - 19 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Пандемия күчөп турган кезде медиктер беткап сатып алууга мажбур болушкан. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын аракеттерин талдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү маалымат жыйында билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, чек арада конфискацияланган беткаптардын бир бөлүгүн жергиликтүү башкаруу органдарына, маморгандарга, бир бөлүгүн - ооруканаларга беришкен, бирок ошол кезде баарынан көп медиктер беткапка муктаж болуп турушкан. Медиктер дарыканадан беткапты кымбат баада сатып алууга мажбур болушкан", - дешти эксперттер.

Пикир

Оставить комментарий