• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коомдук ишмер К.Тезекбаев: Биз 100% болочок президент Жээнбековдун саясатын колдойбуз

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 13.10.17 /Кабар/. Биз бардык талапкерлердин ичинен Сооронбай Жээнбековго келип токтолдук, деп билдирди коомдук ишмер Кушбак Тезекбаев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, 2010-жылкы Ош окуясында бардыгы ашууну ашып качып кеткенде, чок ортосунда Сооронбай Шарипович туруп, элге дем берген. «Ошондо мен Сооронбай Жээнбеков жигиттин жигити экенин, мекенин сүйгөн чынчыл, таза адам экенине 100 пайыз ишенгем. Азыркыдай биздин Кара-Суу элин онго, жүзгө бөлбөй, бир муштумга келип бириктириш оңой болгон жок. Күнү-түнү уктабай, күндүн ысык-суугуна карабай иштеп, Кара-Сууну бириктирип, түз жолго түштүк. Биз Алмазбек Атамбаевдин жана болочок президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын 100 пайыз колдоп беребиз. Себеби элибиз өнүгүүгө түштү, мамлекеттин башына азаматтар келди. Ош шаары, Ош областы жана Кара-Суу району сиз менен Сооронбай Шарипович! №9ду шайлагыла!», - деп кара-суулуктарды Кушбак Тезекбаев чакырды.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 13.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий