• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Миллиондогон кыргызстандыктар Сооронбай Жээнбековду колдошту!

Шайлоо 2017 0

Бишкек,13.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын баардык аймактарында жүздөгөн жолугушууларды өткөрдү.

Коомдук ой-пикирдин лидерлеринин 1300дөн ашууну Сооронбай Жээнбековду колдогонун айтышты. Өлкөнүн миллиондон ашуун жашоочулары президенттикке талапкер жана анын ишенимдүү өкүлдөрү менен жеке жолугушту. 60тан ашуун саясий партиялар жана коомдук уюмдар өлкөнүн президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоорун айтып чыгышты. КСДПнын талапкерин миллиондогон кыргызстандыктар, ар улуттар – кыргыздар, орустар, өзбектер, дунгандар, тажиктер, татарлар, уйгурлар, азербайжандар жана башка улуттардын өкүлдөрү колдошот.

Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогондордун саны барган сайын геометриялык прогрессия менен өсүүдө. Күн санап өлкөнүн аттуу-баштуу инсандары Кыргызстандын жаркын келечеги Сооронбай Жээнбеков менен улаанарын баса белгилеп келишет. Бул таӊ калаарлык көрүнүш эмес. Анткени Сооронбай Жээнбеков жападан жалгыз кынтыгы жок таза талапкер болуп эсептелет. Муну калайык калк дагы тереӊ түшүнөт.

Кыргызстан эли Сооронбай Жээнбековду тандайт! Шайлоо бюллетенинде №9 – Сооронбай Жээнбековго добуш бер!

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 13.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий