• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талапкер Сооронбай Жээнбеков: Баткенди гүлдөтөбүз

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 24.09.17 /Кабар/. Башка талапкерлер сиздерге убадалар менен келсе, мен аткарылган иштерим менен келдим, деп айтты Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Лейлек районунун жашоочулары менен Кулунду айылынан жолугушуу учурунда.

Ал белгилегендей, премьер-министр болуп турган кезде, экономиканын бардык тармактарында өсүш болгон. “Бир эле мисал айтайын. Былтыр, 2016-жылы ушул мезгилде 17% төмөндөп кеткен экспорттун көлөмү быйылкы 7 айда 30% өстү! 2016-жылдын апрелинде мен премьер-министр кызматына киришкен мезгилде ички дүӊ продукт 4,9%, өнөр-жайы 26% төмөндөп кеткен. 2017-жылдын алты айында ички дүӊ продукт 6,4%, өнөржай 31,6% жогорулады”, – деп белгиледи С.Жээнбеков.

Анын айтымында, калктын 45% гана таза суу менен камсыз болгон. “Бул маселени да чечүүгө кириштик. Калкты таза суу менен камсыздоо Стратегиясынын алкагында 650 конуштарда суу объектилери салынып, оңдолуп, ишке берилет. Бул максатка 30 млрд. сом талап кылынса, анын 19 млрд. сомдук каржы булагы аныкталды. Дагы 6,7 млрд. сомду тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Элди таза суу менен камсыздоо үчүн 2015-жылы республикалык бюджеттен 40 млн. сом бөлүнсө, былтыр 100 млн. сом, ал эми быйыл бул сумманы 2 эсеге көбөйтүп, 200 млн. сом бөлүп бердик. Президент болсом бул маселени дайыма көӊүл борборунда кармайм! Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын баардык аймактары таза суу менен камсыз болот!”, - деп билдирди талапкер.

“Сугат суу маселеси орчундуу бойдон калууда, анын ичинде Баткен областында да. Мен ирригация маселесин айыл-чарба министри болуп турган кезимде эле иликтеп чыккам. Ирригация боюнча мамлекеттик программаны кабыл алдык. Ага ылайык жакынкы жылдары 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. Жаңы калк конуштары, фермердик чарбалар пайда болот, 240 миӊден ашуун иш оруну жаралат. Программаны ишке ашырууга каралган акча-каражатынын жалпы суммасынын жарымына жакыны Баткен областына бөлүнүп берилет. Ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруубуз менен Баткенди гүлдөтөбүз”, - деп билдирди С.Жээнбеков.

Андан аркы сөзүндө ал белгилегендей, Стратегиялык жолдордон тышкары азыр кайсы шаарга же районго барба, баардык жерде жолдор салынып же оңдолу пжатат. “Президент Алмазбек Атамбаев Баткен областында бир топ маанилүү долбоорлорду баштаган, анын ичинде жолдорду салуу жана оңдоо боюнча. Мен бул долбоорлорду бүтүрөм”, - деди С.Жээнбеков. Ал эскерткендей, ички жолдорду оңдоого республикалык бюджеттен быйыл биринчи жолу каражат бөлүнүп, бул максатка 730 млн. сом жумшалат. 2016-жылы өлкө аймагы боюнча жалпысынан 230 км жол салынды. Аны каржылоого 4,5 млрд. сомго жакын акча бөлүнүп берилди. “Беш жылдын ичинде биз райондук борборлорду асфальттап, айылдын жолдорун оңдоого киришебиз”, - деп айтты талапкер.

Ал кичи мекенин таштабай, эч жакка кетпей, Баткенде окуп, иштеп, жер иштетип, мамлекетке жардам кылып жаткан өзгөчө жаш баткендиктерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал Өкмөттү жетектеп турганда айыл-чарбасын кайра иштетүү тармагына берилчү кредиттин үстөк пайызын 6% чейин түшүргөнүн белгиледи. “Бардык оң жылыштарга карабастан, дыйкандар дагы деле насыя алууга кезекте турушат. Мен биздин дыйкандар кезекте турбагандай кылып, пайызы төмөн жеткиликтүү насыялар менен камсыз кылууга баардык күчүмдү жумшайм”, - деди С.Жээнбеков.

“Элим мага ишенип, Президенттикке шайласа, бүт күчүмдү, акылымды өлкөмө, элиме арнайм. Буга тажрыйбам да, билимим да, дараметим да, намысым да жетет! Мен атактуу ишмер, Баткендин кулуну Исхак Раззаковдой иштейм! Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!”, - деп сөзүн аяктады талапкер.

С.Жээнбековдун сөзүнөн кийин жергиликтүү тургун Корголдоева Күмүш апа ага өз батасын берип, президенттик кызматта өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн гана иштөөнү каалады. Булшайлоочулар тарабынан чоң сүрөөнгө алынды.

С.Жээнбеков менен жолугушууга Баткен областынын Лейлек районунун Кулунду, Маргун, Арка, Бешкент, Интернационал, Ак-Арык айылдарынын тургундары келип катышты.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 24.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий