• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташиев талапкерлигин алды. КР президентине талапкерлердин катар номери өзгөрүлбөйт - БШК

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 25.09.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев шайлоогоо катышуудан баш тартуу арызын жазды. Бирок бул КР президенттигине талапкерлердин бюллетендеги катар номерлерине таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, талапкерлердин номерлери аныкталган жана талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тартуулары алардын номерлеринин өзгөрүүсүнө таасирин тийгизбейт. “Катар номер сакталат, себеби биз бюллетендин текстин ана формасын бекитип койдук, аны өзгөртүү мүмкүн эмес”, - деп Бекматов, БШК шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлердин атын-жөнүн калемсап менен чийип саларын белгиледи.

Ал билдиргендей, өлкө боюнча 3 млн бюллетень даярдалды.

“Шайлоого 10 күн калганда бардык бюллетендер шайлоо тилкелерине жеткирилет. Шайлоого үч күн калганда шайлоого катышуудан баш тарткан бардык талапкерлерди тизмеден чийип салышат”, - деди Бекматов.

БШК төрайымынын орун басары учурда расмий түрдө 12 талапкер бар экенин айтты. Бир нече талапкер биригип кеткени жана айрымдары шайлоого катышуудан баш тарта турганы тууралуу сөздөр көп болууда. Бирок БШКга расмий арыз Ташиевден гана түшкөн. Эгерде башка талапкерлерден да арыз түшсө Боршайком тиешелүү чара көрөт.

Белгилей кетсек, БШК чучукулак өткөрүп, ар бир жаранга номер энчиленген. Шайлоо бюллетениндеги катар номер чучукулак кармоонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй:

1.Зарлыков Эрнис Зарлыкович

2.Үмөталиева Токтайым Джумаковна

3.Сариев Темир Аргембаевич

4.Кочкоров Улукбек Тойчубаевич

5.Масадыков Таалатбек Шамудинович

6.Бабанов Өмүрбек Токтогулович

7.Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич

8.Бекназаров Азимбек Анаркулович

9.Жээнбеков Сооронбай Шарипович

10.Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

12.Малиев Арсланбек Касымакунович

13.Төрөбаев Бакыт Эргешевич

Пикир

Оставить комментарий