• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башы районунун ардагери К.Садыбакасов: Баарыбыз ынтымакта өлкө башчылыкка татыктуу Сооронбай Жээнбековду шайлайлы!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 18.09.17 /Кабар/. Сооронбай Жээнбеков өтө сабырдуу, өтө жөнөкөй киши. Ал ата наамын бийик сактаган, ынтымактуу, көп балалуу үй-бүлөдө өскөн, тарбиясы катуу, адилет, адамгерчиликтүү адам. Калпты жаман көргөн, ар убак боло турчу сөздү сүйлөгөн инсан, деп билдирди Нарын областынын Ат-Башы районунун ардагери Курманбек Садыбакасов Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун эл менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, С.Жээнбеков жөнүндө улуу-кичүүдөн, карапайым дыйкандан баштап, эң улууж етекчилерге чейин сүйлөшкөндө дайыма оң, жакшы жактарын айтышат. «Бизде 25 жылдан бери эркиндик, кимде-ким оюна келгенди, жада калса оюна келбегенди да сүйлөй алат. Айрыкча басма сөздөр ар кандай ушактарды токтоосуз таратып турабыз. Ал эми бул үй-бүлө, Сооронбайдын бир туугандары, өзү жөнүндө бир жаман ооз сөз жок. Демек, бул адамгерчиликтин жогорку сапатын көрсөтөт», - деп айтты аксакал.

Ал президент Алмазбек Атамбаев Татарстанга болгон иш сапарында маек берип жатып, Сооронбай Жээнбековду 2010-жылы Кыргызстанды сактап калган кыргыз уулдарынын бири катары мүнөздөгөнүн эскертти. «Сооронбай Жээнбеков эң ылдыйкы кызматтан эң жогорку кызматтарга чейин жолду басып өткөн. Бул дагы бирден-бир колдой турган сапат. Ал катардагы зоотехниктен баштап, өкмөттү башкарганга чейин барды. Өзү айтты: «Мен Ала-Тоонун уулумун - кыргызымдын кулумун» деп. Мына ушул сөзү үчүн эле добуш беришибиз керек. Сооронбай биздин мүдөөбүзгө жеткирет, кош колдоп добуш берели! Ат-Башы эли ынтымакта өлкө башчылыкка татыктуу бир Сооронбай Жээнбековду шайлап алалы!», - деп ардагер ат-башылык жердештерин чакырды.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к. 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 18.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий