• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаштардын өкүлү М.Апарханов: Өзгөндүн жаштары С.Жээнбековду тандайт

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Өзгөндүн жаштары Сооронбай Жээнбековду тандайт, деп билдирди жаштардын атынан сүйлөгөн Медербек Апарханов Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

“Бизге кооз сүйлөгөн, бирок убадаларын аткарбаган, баарын акча менен сатып алам дегендер, элин, жерин тоногондор кереги жок. Бизге чыныгы мамлекетчил адам керек. Бул – Сооронбай Жээнбеков. Биз Сооронбай Жээнбеков биздин президент болушу керек деп эсептейбиз, анткени ал тажрыйбасы жана жеке сапаттары жагынан да мамлекетти башкарууга жөндөмдүү. Биз, Өзгөндүн жаштары, Сооронбай Жээнбеков үчүн!”, - деп ураан чакырган Медербек Апарханов кыргызстандыктарды добушун сатпастан, Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырды.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 21.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий