• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузак районунун ардагери К.Абдыкалыков: Бир да талапкер С.Жээнбековдой айыл чарбасын билбейт

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн айыл чарбасын жаңы тепкичке көтөрөт. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ардагери Казыбек Абдыкалыков Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун сузактыктар менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Биздин талапкер узак мезгил айыл чарба тармагында иштеген жана анын көйгөйлөрүн жакындан билет. Эгерде ал президент болуп калса, биздин айыл чарбабыз жаңы дем менен өркүндөмөк, анткени аймактардын негизги ишмердиги – булл дыйканчылык эмеспи. Ал эми белгилүү болгондой, айыл өнүксө - мамлекет да өнүгөт, анын аркасы менен экономикабыз, билим берүүбүз, маданият сыяктуу бардык тармактар өркүндөп-өсмөк. Сузактыктарды жана бардык кыргызстандыктарды күнү-түнү өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштей турган Сооронбай Жээнбеков үчүн добуш берүүгө чакырам», - деп белгиледи КазыбекАбдыкалыков.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 22.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий