• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БШК Текебаев менен Келдибековду каттоодон баш тартуу себебин түшүндүрдү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 04.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Боршайкомдон Өмүрбек Текебаев менен Ахматбек Келдибековду эмне үчүн президенттикке талапкер катары каттабай койгондуктары тууралуу түшүндүрүп беришти.
“Кабар” агенттигине БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, Текебаевдин топтогон кол тамгалары талапка жооп бербейт деп табылган.
“Келдибековдун болсо соттуулугу бар. Мурда ал 10 млн сом айып пулга жыгылган. Мыйзам боюнча, соттуулук айып пулду төлөгөндөн соң бир жылдан кийин алынат. Келдибековдун соттуулугу ноябрда алынат”,-деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда президенттик шайло 15-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий