• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кожошев илимий чөйрө өкүлдөрү менен социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик чараларды талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев дүйнөдө орун алып жаткан жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жаткан окуяларга жооп кайтаруу боюнча антикризистик чараларды иштеп чыгуу үчүн илимий чөйрө өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, дүйнөлүк экономикалык кризис системдүү мүнөзгө ээ, ал бир катар экономикалык жана социалдык тармактарга, мындан тышкары, дүйнөлүк экономиканын структурасына жана эл аралык экономикалык мамилелердин принциптерине да өз таасирин тийгизет.

«Кризис создугуп кетиши ыктымал. Бирок дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Учурда министрлер кабинети кризиске каршы чаралардын жыйындысын даярдоодо, ал топтолгон финансылык ресурстардын көлөмүн кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте кармап туруу зарылдыгынан келип чыгуусу тийиш. Бул калкты жана бизнести колдоо боюнча жаңы чаралардын ыкмасы болмокчу», - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин орун басары Арзыбек Кожошев.

Өз кезегинде жарандык коомдун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, тышкы миграция, дары-дармек запастары, кредиттик-финансы саясаты жаатында ыкчам чараларды көрүүнү сунуштады.

Иш-чаранын жыйынтыгында кеңешмеде айтылган бардык тийиштүү сунуштар КР президентинин администрациясынын иштеп чыгуусуна берилди.

Мындан тышкары, антикризистик жыйынтык чаралар жакынкы аралыкта социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин кеңешмесинде каралышы пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий