• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Чек ара кызматы депутаттын чек арадагы абалга байланыштуу билдирүүсүнө жооп берди

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиевдин Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу билдирүүсүнө жооп берди.

Мындан мурда Бердиев парламенттин жыйынында тажик тарап чек арада окоп казып жатканын билдирген.

Чек ара кызматынын жообунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу экени айтылат.

"Республиканын чек ара ведомствосу тарабынан чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатат, анын ичинде чек ара өкүлдөрүнүн ишин активдештирүү, чек арада жаңжалдын жана анын курчушун алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, көзөмөл жүргүзүлүп, чек арага жакын райондордогу абал анализденип жатат, бир катар ыкчам чаралар көрүлүп, башка мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракеттер механизми иштелип чыгууда.

Белгиленгендей, КР УКМКнын Чек ара кызматында мамлекеттик чек арадагы абалдн курчуп кетишине ыкчам жана натыйжалуу чара көрүү үчүн жетиштүү күчкө жана каражаттар бар экени белгиленди.

Ведомство жарандардын көңүлүн мамлекеттик чек арада, айрыкча, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал турукташкан мезгилде кырдаалды курчутууга өбөлгө түзгөн билдирүүлөрдүн жол берилбестигине бурду.

Пикир

Оставить комментарий