• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Арстанбек Базаркулов Токиодо өтчү XVI Паралимпиада оюндарына биринчи лицензияга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Арстанбек Базаркулов 2021-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Токио шаарында өтө турган (Япония) XVI Паралимпиада оюндарына жеңил атлетика боюнча (ядрону түртүү) биринчи лицензияга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Арстанбек Базаркулов үч лицензиялык мелдешке катышуусунун жыйынтыгы боюнча паралимпиадалык нормативди аткарып, жолдомо алды.

Ал 6-14-февраль күндөрү Дубай шаарында (БАЭ) өткөн жеңил атлетика боюнча Гран-при лицензиялык мелдешинде ядрону түртүү боюнча 5-орунду ээлеген. Тунисте өткөн Гран-при мелдешинде (13-22-март) 4-орунду, ал эми Ноттвилде (Швейцария, 7-18-май) өткөн Гран-при мелдешинде 7,98 м жыйынтыгы менен коло медаль жеңди.

Белгилей кетсек, спортчунун аталган мелдештерге катышуусу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий