• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнө МИ-17 тик учагы берилди

Коом 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-июнда КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн базасында МИ-17 тик учагын өткөрүп берүү аземи өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, тик учак Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Россиянын "Рособронэкспорт" АКнын ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде алынган.

Иш-чарага коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, "Рособронэкспорт" АКнын, Казань тик учак заводунун өкүлдөрү, ошондой эле КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгы жана өздүк курамы катышты.

Аземдин жүрүшүндө коргоо министри белгилегендей, көп максаттуу МИ-17 тик учагы КР Куралдуу күчтөрүнүн алдына коюлган тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүктү жогорулатат.

Учуучу техника Казань тик учак заводунун өкүлдөрү тарабынан чогултулуп, учкуч-сыноочулар сыноо учууларын өткөрүшкөн. Тик учак Кыргызстанга Ил-76 самолету менен жеткирилген.

Белгилей кетсек, аталган техниканы сатып алуу үчүн каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий