• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Кытай чиновниктери менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Сунь Хэ, КЭРдин Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча Канцеляриясынын биринчи катчысы Чжан Жэнь, КЭРдин Кыргызстандагы элчилигинин консулдук кызматынын жетекчиси Ли Шианг менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү жана анын жүрүшүндө Н.Момуналиев КЭРдин Коммерция министрлигине , өзгөчө Сунь Хэ мырзага Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасындагы кадрлардын потенциалын арттырууга кошкон зор салымы үчүн, ошондой эле ал ведомстволук “ММ кызмат” гезитине колдоо көрсөтүп, кесиптик жумушка зарыл компьютер, фотоаппарат, диктофон сыяктуу башка жабдууларды тартуулашканына ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде Сунь Хэ мырза кадр кызматынын жетекчилиги жылуу кабыл алганына ыраазычылыгын билдирип, Кытай Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин айтты. Ал эми Ли Шианг мырза жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн эл аралык кызматташууну арттыруу максатында: Кытай өкмөтү ар кандай өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө “Youth of Excellence Scheme Of China (YES China)” деген өкмөттүн стипендиялык программасын уюштурганын, 2017-жылы бул программага Кытайдагы түрдүү багыттагы жети университет кирерин жана бул программанын талапкерлери 45 жаштан жогору болбогон, иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес, бөлүм башчылык кызматтан төмөн эмес кызматты ээлеген, бакалаврдан кем эмес билимдери бар жана англис тилин билиши керектигин айтты.

Жолугушуунун соңунда Н. Момуналиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы кол койгон келишимдердин алкагында, мындан ары да тыгыз кызматташып, өз милдеттенмелерин аткара бере тургандыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий