• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРнын мамлекеттик органына жумушка орнотууну убадалаган алдамчы кармалды - УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. КРнын мамлекеттик органына жумушка орношууга жардам берүүнү убадалаган алдамчы кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылы 4-мартта УКМК КРнын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 50 миң сом алып жаткан жеринен КР жараны “А.Б.И.” кармаган.

Кармалган жарандын УКМК төрагасынын жана КР Президентинин жакын таанышы болом деп 15 миң АКШ долларга мамлекеттик органдардын бирине жетекчи кылып дайындоо маселесин чечип берүүнү убада кылганы аныкталды. Муну менен катар арыз ээсинен алдын ала төлөм катары миң доллар алган.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абак жайына камалды.

КР УКМК республиканын жогорку жетекчилигине таянып, мамлекеттик органдарга жумушка орноштурууну убадалагандар алдамчы экенин эскертет.

Ушул сыяктуу фактыларга күбө болгондорду УКМКнын төмөндөгү ишеним номерлерине билдирүүнү өтүнөбүз: 0312-66-00-20, 0312-66-04-75.

Пикир

Оставить комментарий