• 88.68
  • 95
  • 0.95

КТРКнын журналистине орой мамиле жасаган мэриянын кызматкери жумуштан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 09.08.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери Рустам Бейшеналиев КТРКнын журналисти Бурулай Пусурманкуловага жасаган орой мамилеси үчүн жумуштан бошотулду.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бейшеналиев ээлеген кызматынан бүгүн, 9-августта бошотулган.

Маалыматка караганда, Бейшеналиев КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика кодексинин 5-беренесин бузган.

Эске салсак, “Ала-Тоо 24” телеканалынын журналисти Бурулай Пусурманкулова социалдык тармакка мэриянын кызматкери ага маданиятсыз сөздөрдү айтуу менен басынтып жаткан видеосун жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий