• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кулубаев ЖККУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЖККУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын салттуу жумушчу жыйынына катышты.

КР ТИМден билдиришкендей, жыйын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттардын Уюмунун Башкы Ассамблеясынын кезектеги сессиясынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын күн тартиби боюнча кылдат пикир алмашуу болду.

Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын учурдагы сессиясынын жалпы дебаттарында Кыргызстандын мамлекет башчысы тарабынан айтылган кыргыз тараптын артыкчылыктарына тараптардын көңүлүн бурду.

Ошондой эле 2023-жылдын төртүнчү кварталында Минск шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдыктын жүрүшү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий