• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз Эл артисти Чоро Думанаевге Бишкектен батир берилди

Коом 0

Бишкек, 4-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргыз Эл артисти, Т. Абдумомунов атындагы улуттук драма театрынын актеру, жаштыгын жана талантын кинематографияга, маданиятка арнаган Чоро Думанаевге Бишкек шаарындагы жаңы салынган заманбап үйлөрдөн бир бөлмөлүү батир белекке берилди.

Актер “Кабар” агенттигине билдиргендей, алар буга чейин үй бүлөсү менен жатаканада жашап келишкен. “Өткөн жылы «KG Групп» курулуш ишканасынын директору жаңы курулуп жаткан турак үйдөгү батирдин ачкычын тапшырган. Бул жылы Кудай жалгап үйлөр бүтүп калса, жаңы үйүбүзгө көчөбүз деп турабыз”,-дейт Думанаев.

Ошондой эле, актер искусство дүйнөсүнө кантип келип калганын айтып берди. Актер, аны театрга алып келген белгилүү артист Асанкул Осмоновду жылуу эскерди. “Байкем мени кичинекей кезимден өзүнүн колуна алган. 10 жылга жакын мен театрда Кыргызстандын Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева сыяктуу легендарлуу адамдарынан тарбия алып чоңойдум”,-деди.

«KG Групп» ишканасынын директору Имамидин Ташов өз кезегинде Думанаевге батирди анын Кыргызстандын искусствосуна, маданиятына кошкон салымы үчүн бергенин билдирди. Ошондой эле, ал актерго узун өмүр жана бекем ден соолук каалады.

Пикир

Оставить комментарий