• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Кытай ишкерлер үчүн виза берүүнүн шартын жеңилдетиши мүмкүн

Экономика 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытай ишкерлер үчүн виза берүүнүн шартын жеңилдетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) башчысы Темир Сариев менен Кытайдын элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунда айтылды.

КР СӨПтүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын ар кандай аспектилери, анын ичинде соода алмашууну жакшыртуу, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун жана импортун көбөйтүү, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана инвестицияларды тартуу маселесин талкуулашты.

Ошондой эле СӨПтүн башчысы менен элчи ишкерлер үчүн виза берүүнү жеңилдетүү ниетин билдиришти, бул эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүгө жана алмашууга өбөлгө түзөт.

"Өзгөчө көңүл ишкер миссияларды, көргөзмөлөрдү жана форумдарды өткөрүүгө бурулду, алар Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлеринин ортосундагы активдүү жана жемиштүү өз ара аракеттенүүгө дем берет. Бул иш-чаралар тажрыйба алмашуу, маанилүү келишимдерди түзүү жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү орнотуу үчүн аянтча болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө даяр экендиктерин тастыкташты, бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий