• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Сауд Аравия беттешин япониялык калыс тейлейт

Спорт 0

Бишкек, 20.01.24. /Кабар/. 2023-жылкы Азия Кубогунун эртеңки Кыргызстан — Сауд Аравиясы беттешинде калыстар бригадасын япониялык ФИФА калысы Иида Жумпей жетектейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери - Михара Жун жана Такаги Такуми жардам беришет. Ма Нинг (Кытай) резервдик арбитр болуп дайындалган.

VAR-системасында да Япониядан келген адистер Кимура Хируеки жана Араки Юсуке иштешет.

Белгилей кетсек, эртеңки Кыргызстан менен Сауд Аравиянын беттеши Дохадагы Ахмат бин Али стадионунда өтөт. Бишкек убактысы боюнча беттеш саат 23:30да башталат.


Азия Кубогу үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 10-февралына чейинки аралыкта Катардагы 9 стадионунда өтүп жатат.

Турнирдин бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында "УТРК Спорт" каналында жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий