• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Кыргызстан - тоо лыжалары жана кышкы туризм өлкөсү” фестивалы өтөт. Качан жана кайсыл жерде?

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. “Кыргызстан - тоо лыжалары жана кышкы туризм өлкөсү” кайрымдуулук фестивалы 2-февраль күнү Аламүдүн районундагы ЗИЛ тоо базасында старт алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында туризм Департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.

“Бул фестиваль кышкы туризмди өнүктүрүү урааны алдында өтүп, ал жакта демөөрчүлөрдүн атынан ар түрдүү акциялар өткөрүлөт”, - дейт Департаменттин директору.

Фестивалдын максаты – кышкы туризмди өнүктүрүү жана кайрымдуулук акциясы.

“Баардык түшкөн каражат муктаж болгондорго берилет”, - деп кошумчалады ал.

Ал эми КРнын өкмөтү астындагы бизнести өнүктүрүү Кеңешинин жана инвестициялар катчылыгынын эксперти Аскат Сеитбеков билдиргендей, бул фестиваль 10 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат жана бул жерде бизнес менен туризм Департаментинин ролу чоң.

“Жыл сайын бул иш-чаранын алкагында 240-250 миң сом чогулат. Биз чогулган каражаттарды кайсыл жакка бөлүштүрүүнү чечебиз”, - дейт Сеитбеков.

Уюштуруучулар билдиргендей, былтыркы жылы 237 миң сом чогулган. Анын ичинен 115 миң сом “Колдон колго” коомдук бирикмесине (аутизм менен ооруган балдардын жана алардын ата-энелеринин бирикмесине) берилген. 112 миң сом аз камсыз болгон жүрөк кемтиги менен жабыркаган балдарга жана 10 миң сом “Манас” социалдык айылына берилген.

Бул жылы комиссия каражат кайсыл жакка жумшала тургандыгын чечет.

Сеитбеков иш-чаранын алкагында абдан көп көңүл ачуучу сынактар жана оюн-зооктор пландалгандыгын айтты.

“Биз жарандарды фестивалга катышып, кайрымдуулукка салым кошууга чакырабыз. Эч нерсе төлөөнүн кереги жок, бир гана келип катышуу керек. Ал эми кайрымдуулукка кол кабыш кылам дегендер 150 сомдук лотереяны сатып алса болот”, - деп кошумчалады ал.

ЗИЛ тоо базасынын директору Акбар Розиев кабарлагандай, баардык келген коноктор үчүн транспорт уюштурулуп, ысык тамак-аш берилет.

Пайдалуу маалымат: Лотереялык билет сатып алгандар үчүн лыжа жабдууларын алууга 50% арзандатуулар болот. Аларды Киев көчөсү 168 дареги боюнча (Союз пешеходного туризма) алууга болот. Тел. 0312909115. Ошондой эле Ski_House прокат пункту боюнча 20% арзандатуу менен алса болот . Телефон: 0705822446.

Пикир

Оставить комментарий