• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан тышкы карызын кутула албаса үч маанилүү объекттен ажырап калышы мүмкүн

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстан Кытайга болгон тышкы карызын кутула албаса үч маанилүү объекттен ажырап калышы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2023-2028-жылга чейин 400 млн доллардан кем эмес, айрым учурда 460 млн доллар өлчөмүндө карызды төлөө керек.

“Анын ичинен 80 пайызы тышкы карыз болсо, анын 50 пайызынын ашыгы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына төлөш керек. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албасак Бишкек ЖЭБ, Датка Кемин жана Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт. Тактап айтканда, Экспорттук-импорттук банк кайсы башкаруу компанияны киргизсе, ошого өткөрүлөт. Жакынкы Пакистан, Шри-Ланка өлкөлөрүндө ушундай фактыларды менден жакшы билесиздер. Моюнга илинген жиптен кутулуп, көз карандасыздыгыбызды сактап калышыбыз керек”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий