• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан улуттук электр тармактар ишканаларына 5 унаа тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 11-августта энергетика министри Таалайбек Ибраев ыкчам бригадалар үчүн 5 даана атайын унаалардын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалар Чүй, Талас, Ысык-Көл, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын ыкчам бригадаларына берилди.

Анда министр заманбап техника менен оңдоо жана тейлөө иштери бир топ ыкчам аткарыларына ишенээрин айтты.

"Алган техникаңыздар кут болсун кесиптештер! Бүгүн күз-кыш мезгилинин алдында жакшы саамалык болуп, техникаларыбызды жанылап жатабыз. Жаңы техникалар элди үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоого жардам берет деп ишенем. Берилген автоунааларды этияттык менен колдонолу. Ал эми биз өз учурунда атайын техника паркын чекесинен жаңылап берүүгө аракет кылабыз", - деди министр.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары Энергетика министрлиги электр тармактар ишканалардын атайын техникалар паркына өзгөчө көңүл бөлүүдө. Себеби, авариялык өчүрүүлөрдү, жабдуулардын иштешиндеги бузулууларды ондоо, калкты ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо керектүү техникасыз аткаруу мүмкүн эмес.

Пикир

Оставить комментарий