• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда "Барселонанын" футбол академиясы ачылат (видео)

Спорт 0


Бишкек. 11.08.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Жалал-Абад шаарында “Барселона” футбол клубунун 29-академиясынын ачылышы болот. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Аталган академия жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү башка франшизалар JalGroup Asia компаниясына таандык.

Академиянын расмий ачылышынын алкагында Кыргызстанга "Барселона" ФКнын легендарлуу оюнчулары келет. Алардын арасында Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Хавьер Савиола, Жулиано Белетти, Людовик Жюли жана башкалар бар. Алар 30-август күнү Борбор Азиянын белгилүү футболчулары менен Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо жолдоштук беттеш өткөрөт. Башталышы саат 20:00.

Пикир

Оставить комментарий