• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кыргызстанда 10-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +15...+20, Талас облусунда +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл облусунда +12...+17, Нарын облусунда +11...+16 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +17...+19 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий