• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 2024-жылдын жазына 3,3 млн сертификатталган көчөт даярдалды

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын жазгы сезонуна карата 3 млн 316 миң 120 сертификатталган көчөттөр дардалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы импортко көз карандылыкты азайтуу максатында республиканын бардык аймагында 10 субъект жалпы аянты 218 га болгон мөмө-жемиш жана декоративдик өсүмдүктөрдүн көчөт материалдарын өндүрүүгө жана сатууга адистешкен үрөн чарбасынын статусун алып, 2023-жылдын башына карата мөмө-жемиш питомниктери 2 млн 588 миң 20 сертификатталган көчөттөрдү өндүргөн.

Сертификатталган мөмө-жемиш өсүмдүктөрдүн көчөттөрү сертификатталбаган көчөттөргө караганда бир катар артыкчылыктарга ээ:

- сертификатталган көчөттөр түшүмгө зыян келтире турган илдеттерден жана зыянкечтерден сактануу үчүн санитария жана зыянкечтерге каршы күрөшүү чаралары менен өндүрүлөт. Бул бакчаларды илдет жуктуруп алуу коркунучун азайтат;
- сертификатталган көчөттөр алардын өсүшүн жана өнүгүшүн оптималдаштырган көзөмөлдөнгөн шарттарда өстүрүлөт. Натыйжада, көчөттөр энергиялуу болуп, тамыр системасы күчтүү жана бат өсөт, жергиликтүү агроклиматтык зоналарга жакшы көнөт;
- сертификатталган көчөттөр, адатта, жогорку генетикасы жана өсүү шарттары менен тастыкталбаган көчөттөргө караганда көбүрөөк түшүм берет;
- сертификатталган көчөттөрдү сатып алуу менен, багбандар жогорку сапаттагы өсүмдүктөрдү өндүрүүнү көздөгөн жергиликтүү кайра иштеттүү ишканаларына жеңилдик берет. Бул жергиликтүү экономиканы чыңдап, таза жана пайдалуу продукция өндүрүүгө кепилдик берет.

Белгиленгендей, бул артыкчылыктардан тышкары, сертификатталган көчөттөрдүн сапаты дагы кепилдикке ээ. Эгерде багбан сертификатталган көчөттөрдүн сапатына канааттанбаса, анда көчөтканалар аларды кайтарып берүү же алмаштырууга милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий