• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүндө 8 тик учак бар — министр

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүнүн балансында бүгүнкү күндө 8 тик учак бар. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Анын айтымына караганда, эки жыл мурда болгону бир тик учак болгон, бүгүнкү күндө алардын саны 8ге жетти.

Министр өлкө эгемендүүлүк алган жылдан бери абадан коргонуу системасы жаңыланбаганын баса белгиледи.

"Бул багытта КМШнын бирдиктүү региондук абадан коргонуу системасын түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, ратификацияланды, аны ишке ашыруу биздин өлкөнүн абадан коргонуусун олуттуу бекемдейт", - деди Бекболотов.

Ошондой эле министр 2023-жылы модернизацияланган "Печора-2 БМ" мобилдик зениттик-ракеталык комплекси сатып алынганын, ал Кыргызстандын аба чек арасын коргоо боюнча күжүрмөн милдетти ийгиликтүү аткарып жатканын эске салды.

Пикир

Оставить комментарий