• 88.68
  • 95
  • 0.95

АКШ Бишкекке абанын сапатын жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө даяр

Коом 0

Бишкек, 22.08.02. /Кабар/. АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Н.Култер Бишкек шаарынын мэриясына абанын булганышы менен күрөшүүдө экспертиза жана тажрыйба менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Н.Култер менен жолугушту.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуу жана боордош шаарлар институтун активдештирүү, маданий-билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты», — деп айтылат маалыматта.

Анда Бишкектин абасынын сапатын жакшыртуу маселеси да көтөрүлгөнү айтылат.

«Соната Н. Коултер Бишкек шаарындагы абанын булганышын көзөмөлдөө жана катуу таштандыларды башкаруу боюнча экспертиза жана тажрыйба менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий